Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
UFC: Валентина Шевченко Лорен Мёрфини утту
26.09.2021 | 12:01
Бүгүн, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 турнири өтүүдө. Бул турнирде кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду.
Шевченко беттештин төртүнчү бөлүгүндө атаандашын техникалык нокаутка чапты.
Жеңгенден соң адаттагыдай Валентина Шевченко өз өлкөсү Кыргызстанга салам айтты.
Муну менен Валентина Шевченко 8-жолу катары менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын 6-ирет коргоду. Анын атаандашы буга чейин бир дагы жолу мөөнөтүнөн мурда жеңилүү ызасын тарткан эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт