10-октябрда күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Нарын облусу түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Эртең Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот.