Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 29-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14
Талас аймагында түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14
Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6
Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +11…+13 градус болот.