Аба ырайы: 3-сентябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн

Аба ырайы: 3-сентябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: 3….8… күндүз: 15…..20°C;

Талас облусунда түнкүсүн: 1….6….күндүз: 15…..20°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 17….22°C;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 1…..6….күндүз: 11……16°C;

Нарын облусунда түнкүсүн: 1….6…..күндүз: 12…..17°C;

Бишкекте эртең күндүз жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6..… 8°C, күндүз 18……20°C, жылуу болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>