9-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн: 6….11… күндүз: 17…..22°C;
Талас облусунда түнкүсүн: 2….7….күндүз: 14…..19°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 8…..13….күндүз: 18…..23°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 3…..8….күндүз: 12……17°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 2….7…..күндүз: 12…..17°C;
Эртең Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° болот.