Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулат
Аба ырайы: Эртең жаан-чачын жана айрым аймактарда кар жаайт
12.03.2024 | 19:30
13-15-март күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
13-14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөйт:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуу;
Таласта түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° …+2° жылуу;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде -3° сууктан…+2° жылуу, күндүз 4…9° жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3° …+2;
Нарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом