Абай Молдокматов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Молдокматов Абай Молдокматович Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Президенттин администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуш киргизгени маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз