Тажикстандын Ички иштер министрлиги Душанбе шаарына жакын жердеги чек ара заставасында болгон окуянын сүрөтүн жарыялады.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тараткан маалыматка караганда 6-ноябрга караган түнү “Султанабад” чек ара заставасына белгисиз 20 адам кол салган.
Атышуудан 15 мүчөсү жок кылынып, бешөө кармалган. Ошондой эле 1 чек арачы жана 1 милиция кызматкери каза болгон.
Учурда тиешелүү органдар окуя боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.