Абакта жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык акциясына чыгышат

Абакта жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык акциясына чыгышат

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны колдоо үчүн тынчтык акциясына чыгуу ниетин билдиришти. Бул тууралуу  24.kg агенттиги жазды.

Тараптар ЖАМК менен президентти мунапыс тууралуу маселени создурбоого чакырышты.

Мурунку депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Садыр Жапаров дайыма Кумтөр маселесин көтөрүп келген.

«Мурунку бийлик андан коркуп, 11 жарым жылга эркинен ажыратышкан. Президентке суроо: Садыр Жапаровдун өлкө тагдырына кайгырып жатканын билип туруп, эмнеге мунапыс тууралуу маселеси узакка созулууда? Ошол эле убакта мунапыс боюнча кандай адамдар эркиндикке чыгып жатканын көрүп жатабыз. Бирок мекенчил инсанды чыгарбай жатышат», — деди ал.

Буга чейин Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Бирок ырайым кылуу боюнча комиссия анын кайрылуусун ЖАМКка кээ бир документтердин жетишсиздигинен улам кайра жолдошкон.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынып,  11 жыл алты айга кесилген. Ушул жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>