•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Абылгазиев: Ички иштер министрлигинин рейтинги өстү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парлементте 2019-жылдагы өкмөттүн иши жөнүндө өтчет берип жатып Ички иштер министрлигинин рейтинги жогорулаганын айтты.

“Ишеними 4,7 пайызга өстү. Көп жылдар бою бул министрлик жабык, резонанстуу, жарандар көп нааразы болгон орган болчу. Бүгүн бул орган өзүнүн стилин таптакыр өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады. Буга  төмөнкү иштер себепкер болот: “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип,  санариптешкен командалык борборлор түзүлүп, бирдиктүү терезе, бирдикетүү ресстр, сотолгондугу ж.б. маалыматтарды ала турган автоматташтырылган борборлордун түзүлгөндүгү. Туристтик жана патрулдук милиция түзүлдү”, – деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө өтчетун угууда.

 Жыйынга бардык өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери да катышып жатат.

Буга чейин отчет коалициялык көпчүлүк жана парламенттин комитеттеринде каралып, жактырылган.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Баткенде коронавирус жуктурган киши ооруканадан качып кетип, үйүнөн каза болуп калды

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Ноокенде жайлоодон 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Ушул аптада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Өкмөт башчы: Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *