Абылгазиев: Кыргызстан 2023-жылы “Бизнес жүргүзүүдө” алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирет

Абылгазиев: Кыргызстан 2023-жылы “Бизнес жүргүзүүдө” алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирет

«Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын позицияларын жакшыртуу боюнча өкмөттүн 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка ылайык, 2018-2040 жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук  стратегиясына ылайык, Кыргызстан 2023-жылы “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүүгө тийиш.

Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтары боюнча, быйылкы жылы  Кыргызстандын “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнө жүзүнүн 190 өлкөсүнүн ичинен 70 орунда, тагыраагы өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 7 позицияга жакшырган.

Буга байланыштуу Дүйнөлүк Банктын “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде Кыргызстандын позициясын жакшыртуу боюнча 2019-2020-жылдарга  иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>