Абылгазиев: ЖМКга каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес

Абылгазиев: ЖМКга каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес

ЖМКга каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес. Тараптар келип чыккан маселени чечүүнүн альтернативдик шарттарын табууга аракет кылыш керек. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо салтанатында билдирди. 

Өкмөт башчы өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн буга чейин белгиленген кесиптик майрамы жана келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады. 

«Азыркы жеңил эмес учурда журналист болуу – бул, албетте, барынан биринчи чоң жоопкерчилик. Cиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында биздин жарандар өлкө ичинде  жана андан тышкары аймактардагы акыркы коомдук-саясий, маданий окуялар менен кабардар болуу мүмкүнчүлүгүн алууда. Учурда биздин жашообузду жалпыга маалымдоо каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Мен ЖМКнын өлкөнүн социалдык-экономикалык кайра куруусундагы ролун белгилегим келет. Премьер-министр катары мен журналисттер менен байма-бай жолугам жана силердин ишиңердин татаалдыгын дагы билем», — деген ал. 

Премьер-министр учурдан пайдаланып, массалык маалымат каражаттарына карата доо арыздардын айланасындагы талкуулар боюнча өз пикирин билдирди. 

«Журналисттер материалдары дайыма тастыкталган фактыларга негизделиши керектигин унутпашы зарыл. Мен журналистиканын акыркы жылдары иштин сапатына чоң көңүл буруп, редакциялык талапты күчөтүп, этикалык ченемдерди тажрыйбада колдонуп жатканын байкап, кубанып турам. Биз мындан ары да Кыргызстандагы сөз эркиндигин бекемдөөгө бардык ишти жасап, ушул оңдуу тенденцияларды сактап калабыз деген терең ишенимдемин. Өлкөдөгү окуяларды сапаттуу жана калыс чагылдыруу биз үчүн өтө маанилүү, анткени биз маалыматтын күчүн баалоо кыйын болгон шарттарда жашап жатабыз. ЖМКларга каршы доо арыздар – талаштарды жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес экендигин баса белгилей кетейин. Тараптар келип чыккан келишпестиктерди чечүүдө ар дайым альтернативдик багыттарды табууга умтулууга тийиш», — деген Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>