Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына жаңы жетекчи дайындалды
12.05.2025 | 12:34
Азамат Саралаев Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
34 жаштагы Азамат Саралаев Юридикалык академияны аяктаган. Ал 2016 – 2021- жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясында инспектор, улук инспектор, башкы инспектор жана бөлүм башчы болуп эмгектенген.
2021 – 2022-жылдары Айыл чарба министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары, ал эми 2022-жылдын март айынан тарта Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматта директордун орун басары болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат