Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Адам эң узак канча жашка чейин жашайт? Окумуштуулардын изилдөөсү
26.05.2021 | 14:25
Окумуштуулар адам эң узак дегенде 120-150 жашка чейин жашай ала турганын аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Илимпоздор изилдөө жүргүзгөн. Натыйжада, картайганда адамдын организми стресстен улам келип чыккан тартыштыкты калыбына келтирүү жөндөмүн жоготоору аныкталган.
Геронтологдордун (өмүрдү узартуучу ыкмаларды изилдөөчүлөр) тобу ден-соолуктун ар кандай көрсөткүчтөрүнүн негизинде жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдүн моделин түзүшкөн.
Федералдык жаңылыктар агенттиги билдиргендей, илимпоздор карылык башталган үч куракты аныкташкан. Алар 34, 60 жана 78 жашында белоктун деңгээлиндеги олуттуу өзгөрүүлөр байкалганын аныкташкан. Мындан улам, ушул үч куракта организм картайып баштайт деген пикирге келишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом