Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан атайын видеоролик даярдалды. Анда жол кырсыгы катталган учурда камерага түшүп калган кадрлар да бар.
Видеороликтин максаты жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат. Айдоочулар өз өмүрүнөн сырткары жанында бараткан жарандарды да ойлоп, жол эрежелерин бардык жерде так сактоо зарылдыгы белгиленет.
Эске салсак, Жалал-Абад облустук ЖКККБ тарабынан буга чейин да бир катар видеороликтер даярдалып, жол кырсыктарына бөгөт коюу максатында коомчулукка таратылып келген.