Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясында сөз сүйлөдү

05.08.2025 | 16:17

Бүгүн, 5-августта Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышында 32 өлкө тобунун атынан сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр бири биринен алыс болгонуна, маданий-социалдык жана экономикалык айырмачылыктарына карабастан, географиялык обочолонуу, транспорттук жана соодалык жогорку чыгымдар, экономикалык диверсификациянын чектелгендиги, инвестициялардын жана каржылоонун жетишсиздиги сыяктуу окшош көйгөйлөрдү баштан кечирип жатканын белгилеген.

“Эки он жылдыктын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр айкын болду: көрүлгөн аракеттерге карабастан, деңизге чыга албаган өлкөлөр эл аралык экономиканын чет жакасында калууда. Ошол эле учурда, биз бул жерге, Каспий деңизинин жээгиндеги Авазага, биргелешкен ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн гана эмес, ошондой эле туруктуу, өз ара байланышкан жана инклюзивдүү келечекке биргелешкен жолду белгилөө үчүн чогулдук. Буга байланыштуу, 2024–2034-жылдарга карата Аваза иш-аракеттер программасы – бул мурунку каталарды оңдоо, өткөн эки он жылдыктын сабактарын эске алуу жана деңизге чыга албаган өлкөлөргө географиялык чектөөлөрдү жеңүүгө гана эмес, ошондой эле глобалдык өсүштүн толук кандуу катышуучулары болууга мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүгүү планын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү”,-деген ал.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев  деңизге чыга албаган өлкөлөрдү өнүктүрүүдө, өнөктөштөрдү каржылык колдоо көрсөтүүгө гана эмес, билим берүү, техникалык жардам көрсөтүү жана инвестициялык кепилдиктерди берүүгө чакырган.

Мындан тышкары ал Кыргызстан “аба эркиндигинин” бешинчи даражадагы саясатын киргизгенин жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу Кытайдан Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө эң кыска кургактык жолун ачаарын белгилеген. Кыргызстан менен Тажикстандан Түштүк Азияга таза гидроэнергияны экспорттоого багытталган КАСА-1000 долбоору тууралуу да айткан.

Scroll to Top