Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын алдыЕАЭБден товар ташыгандар 1-январга чейин аларды каталогго киргизиши керекБишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу салынуудаБишкекте Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылатАсеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка таасири талкууланды
Бишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
05.08.2025 | 15:45

УКМК Бишкек мэриясына карашташтуу «Төмөнкү Ала-Арча» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.К.Ч. күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан пункттарды жана муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берип, системалуу түрдө мыйзам бузганын аныктады.
УКМКнын маалыматына ылайык, 4-августта ал 2 300 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурда, өз иш бөлмөсүндө кармалды.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.
“Коррупциялык фактылар тууралуу маалыматыңыз болсо, УКМКга 0312 62-05-85 номери аркылуу кабарлоого болот”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар