Адылбек Касымалиев Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышат

02.02.2026 | 09:23

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жумушчу сапары менен барат. Сапар БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри жана Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен ишке ашат.

Иш сапардын негизги максаты — Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу. Программанын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Эмираттардын жогорку жетекчилиги, тармактык министрликтердин башчылары жана БАЭнин ири суверендүү фонддорунун жетекчилери менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.

Республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууга өзгөчө көңүл бурулат. Саммиттин аянтчасында «Ак илбирс» аталышындагы Кыргызстандын экономикалык өсүү моделине арналган атайын иш-чара өткөрүү каралган. Анда катышуучуларга өкмөттүк акселераторлордун ишинин жыйынтыктары жана мамлекеттик институттарды өнүктүрүү стратегиясы сунушталат.

Сапардын жыйынтыгы менен каржы, инвестициялык жана технологиялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. Глобалдык форумга катышуу Кыргызстанга БАЭ менен өнөктөштүктү бекемдөөгө жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эл аралык диалогдо өз ордун белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Scroll to Top