Адылбек Касымалиев Эл аралык экологиялык конференцияга катышуу үчүн Алтайга барат

23.07.2025 | 11:57

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24–26-июль күндөрү Россия Федерациясынын Алтай Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Касымалиев Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарында өтө турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.

Иш-чарада Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегациялардын жетекчилери “Экологиялык чакырыктар: туруктуу өнүгүүгө карай жана климаттын өзгөрүшү” темасынын алкагында өз ойлорун билдиришет.

Конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар уюштурулуп, глобалдык суу балансын сактоо, экологиялык туризмди өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу маселелер каралат. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top