Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөт
Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариусу коррупцияга шектелип кармалды
07.04.2026 | 16:27

Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 50 жаштагы К.К.К. нотариалдык кызматтар үчүн накталай акчаны системалуу түрдө жеке өзү алып турганы аныкталган. Алынган суммалар белгиленген мамлекеттик тарифтерден жогору болгон.
Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга чейин банктык төлөмдөр аркылуу накталай эмес түрдө гана төлөнүшү шарт.
Иликтөөдө нотариалдык аракеттердин татаалдыгына жараша мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы миң сомдон 20 миң сомго чейин жеткени такталган. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар