Адылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Шымкент шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Отурумга Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны бүгүн, 27-мартта, өтөт. Анда ондон ашык маселени кароо пландаштырылууда.