Адылбек Касымалиев Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, “Асман Резиденс 2” турак жай комплекси 5 блоктон туруп, ар бири 9 кабаттуу. Жалпысынан 450 батир камтылган бул заманбап комплекстин 90% курулушу бүткөн. Бул долбоорго республикалык бюджеттен 1,6 млрд сом каражат бөлүнгөн.
Ал эми “Асман Резиденс 3” турак жайы 1 блоктон, 9 кабаттан туруп, 135 батирди камтыйт. Учурда имараттын сырткы жасалгалоо, ички оңдоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул долбоорго 400 млн сом каражат жумшалган жана курулуштун 90% бүткөнү маалым болду.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, бул турак жайлар чындап эле үйгө муктаж жарандарга берилиши керек жана мамлекет бул жаатта системалуу иштерди жүргүзүүдө:
“Узак жылдар бою үйгө муктаж болуп келген жарандарды турак жай менен камсыздоо — мамлекеттин алдындагы негизги милдеттердин бири. Ошондуктан мындай масштабдуу курулуштар өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда”, — деди Касымалиев.