Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Шашылыш билдирүү: Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
07.08.2025 | 13:34

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-августта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет.
Негизги себептер, күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачын, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү.
ӨКМ жарандарды төмөнкү чараларды көрүүгө чакырат:
- Тоолуу райондорго жана дарыя жээктерине эс алууга баруудан баш тартуу;
- Арыктарды тазалап, суу өтүүчү жолдорду ачуу;
- Дарыя жээктерин бекемдөө жана таштанды таштабоо;
- Өзүңүздү же жакындарыңызды коркунучка кептеген кырдаал жаралса, дароо “112” кызматына кайрылыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
“Сел коркунучун алдын алуу — ар бир жарандын жоопкерчилиги. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн бул эскертүүнү көңүл сыртында калтырбаңыз”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар