Агартуу министрлиги мугалимдер үчүн жасалма интеллект боюнча онлайн курс иштеп чыкты

07.08.2025 | 12:23

Агартуу жана илим министрлиги мугалимдерге багытталган жасалма интеллект боюнча атайын онлайн курсту иштеп чыгып, https://ustat.edu.gov.kg/ платформасына жайгаштырды. Бул тууралуу министрдин Санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Курста жасалма интеллект (ЖИ) тууралуу негизги түшүнүктөр, аны билим берүүдө колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча модулдар камтылган.

“Жасалма интеллект мугалимге сабакка тезирээк, жеңилирээк жана натыйжалуураак даярданууга, ошондой эле билим берүү контентин жакшыртууга жардам бере алат”, — деди Самыкбаева.

Ошондой эле ал министрлик ЖИ технологияларын билим берүү системасында анализ жүргүзүү максатында да колдоно баштаганын кошумчалады. Атап айтканда, окуучулардын саны, социалдык абалы, мугалимдердин даярдык деңгээли жана мектептердин абалы тууралуу маалыматтарды иштеп чыгууда жасалма интеллект колдонулууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top