АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кээ бир жерде түштү

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кээ бир жерде түштү

Кыргызстанда 10-январга карата  АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2021-жылдын декабрынан бери орточо баага салыштырмалуу төмөндөдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, АИ92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы менен эсептегенде,  орточо баа литрине 59,21 сом, ал эми 10-январда 59,11 сомду түзгөн. Башкача айтканда, 0,1 сомго арзандаган. Бул негизинен Кара-Суу, Ош жана Ноокат шаарларында 1,57 сомго, 1,47 сомго жана 1,34 сомго арзандады дегенди түшүндүрөт.

Ошондой эле,  Каракол, Балыкчы, Талас, Нарын, Кара-Балта, Токмок, Бишкек шаарларында жана Чаек айылында  майдын кымбатаганы байкалса, башка аймактарда төмөндөшү байкалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>