Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясына жаңы депутат болуп Айгерим Бешимбаева келди.
Бүгүн, 9-апрелде ага мандат тапшырылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Айгерим Бешимбаева вице-премьер-министр болуп дайындалган Аида Исмаилованын одуна депутат болду.
Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1-апрель күнү кызматтан алынган болчу.