Бүгүн, 5-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экологдорун кесиптик майрамы – Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы куттуктоосунда экология маселелери бүгүнкү күндө глобалдык мааниге ээ болуп жатканын белгилеп, бул тармактагы адистердин эмгеги өзгөчө маанилүү экенин айтты.
“Бул күн айлана-чөйрөнү коргоо адистеринин гана кесиптик майрамы эмес. Мен бүгүн табиятка аяр мамиле жасап, аны сактап жана абалын жакшыртууга аракетин аябаган бардык мекендештерибизди куттуктайм,” — деди ал.
Касымалиев Кыргызстандын экологиялык абалы салыштырмалуу жакшы экенин, бирок дүйнөлүк экологиялык чакырыктардан четте калбай, өз салымын кошуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү концепциясын жана Улуттук адаптациялык планын иштеп чыккан. Мындан тышкары, өлкө тарабынан сунушталган 2023–2027-жылдарга карата Тоолорду өнүктүрүү боюнча глобалдык демилге БУУ тарабынан кабыл алынган.
Ошондой эле, өкмөт башчы өлкөдө экологияны сактоо максатында бир катар иш-чаралар жүрүп жатканын белгиледи. Алардын арасында:
- «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы: жыл сайын 7-8 миллион дарак жана бадал көчөттөрү отургузулууда;
- Ак илбирсти сактоо: жаратылыш мурастарынын символу болгон жаныбар расмий түрдө мамлекеттик символ катары кабыл алынган;
- Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо: көлдүн түбүндөгү калдыктарды, анын ичинде пластик заттарды тазалоо иштери жүрүүдө.
Мындай аракеттер ар бир жарандын активдүү катышуусун талап кыларын айткан Касымалиев, таза аба, таза суу жана коопсуз азык-түлүк ар бир адамдын жашоосунун сапатына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
“Айлана-чөйрөнү коргоого татыктуу салым кошуп, өмүрүн ушул асыл ишке арнаган адамдарга чын дилимден ыраазычылык билдирем,” — деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Экологдор күнү жыл сайын 5-июнда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен бир убакта белгиленет.