Учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2020-жылдагы дүйнө чемпионатына даярданууну улантууда.
Мелдеш 12-18-декабрь күндөрү Сербияда өтөт.
Учурда Кыргызстандын аялдар курама командасы Түркиядагы окуу-машыгуу жайында. Тыныбекова сабак учурунда мурдунан жаракат алган.
«Күрөшкө келгенче мурдум кандай эле, өзүм дагы унутуп калдым» деп Instagram баракчасына жазып, видеосун жарыялаган.