Айтургандын өлүмү. Үч жактоочу ишти акысыз алып барат

Айтургандын өлүмү. Үч жактоочу ишти акысыз алып барат

Айтурган Маматкулованын үй-бүлөсүнө юридикалык жардам көрсөтүп, анын өлүмүнө байланыштуу ишти үч жактоочу алып барат. Бул тууралуу маалыматты алар Reporter.kg’ге ырасташты.

Кылмыш иштери боюнча белгилүү жактоочулар Эсения Рамазанова жана Назира Абдумуминова, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен бирге коомдо резонанс жараткан ишти колго алышты.

Юристтер учурда тергөөнүн жүрүшү менен таанышып, ишке киришүүдө.

Айтурган Маматкулованын үй-бүлөсү кудасы Наркул Абдуллаев жактоочу болгондуктан бир дагы юрист алар менен иштешүүгө макул болбой жатканын айтышкан.

Эскерте кетсек, 25 жаштагы Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Маркум келиндин ата-энеси аны күйөөсү сабап өлтүргөнүн айтып жатат. Кыздын туугандарынын айтымында, 1 жыл мурда турмуш курган Маматкулованы буга чейин дагы күйөөсү уруп-сабаган.

Күйөөсү Тилек Наркуловдун билдирүүсүндө, жубайы дары ичип өз жанын кыйган.

Буга чейин милиция Маматкулованын денесинде күч колдонуунун тактары болбогонун, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган. Бирок Айтурган Маматкулованын ата-энеси кызынын өз жанын кыйганына ишенбей турганын, кызынын денесинде көгала тактар бар экенин айтышууда.

Бүгүн Башкы прокуратура «өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголуп, аны Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергеп жатканын кабарлады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аял өлүмү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>