Ак-Буура дарыясынын жээги эс алуучу жайга айланат ― сүрөт

Ак-Буура дарыясынын жээги эс алуучу жайга айланат ― сүрөт

Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алууга шарт түзүлөт.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы салына турган долбоордун эскизи менен таанышып чыккан. Ал Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгыны тарабынан даярдалган.

“Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланыш керек. Дарыя шаардын көркү. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт”, — деди шаар мэри.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>