Ак илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тумары болуп тандалды
Ак илбирс быйыл, 2026-жылы, Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тумары болуп тандалды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы билдирди.
Ак илбирстин образы Оюндардын визуалдык жана коммуникациялык идентификациясынын негизги бөлүгү катары колдонулат. Тандоо чечими аталган жаныбардын Кыргызстандын жаратылышы, ландшафты жана маданий коду менен болгон байланышына негизделген.
«Ак илбирс — бул күч менен урмат айкалышкан, салттары дүйнөгө ачык Кыргызстанды чагылдырган образ. Бул тумар аркылуу биз Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2026нын духун: кадыр-баркты, тең салмактуулукту жана өз ара аракеттенүүгө ачыктыгын жеткирүүнү кааладык. Тумардын визуалдык образы Кыргызстан жаратылышын, көчмөн мурастарын жана долбоордун заманбап үндөлүшүн бириктирет», -деп билдирди эл аралык катчылык.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук, маданий жана илимий программаларды камтыган эл аралык платформа болуп саналат. Бул долбоор спорт жана маданият аркылуу катышуучуларды бириктирүүгө багытталган.


