Ак‑Ордо конушундагы адам өлтүрүү. Орунбеков коомчулукту божомолдордон алыс болууга чакырды

08.10.2025 | 11:40

Ак‑Ордо конушундагы адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү боюнча толук иликтөө жүргүзүлүп, окуяга тиешелүү фактылар жана далилдер чогултулду. Тергөө иштери уланууда.

Бул тууралуу президенттик Администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирип, социалдык тармактарда тараган “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?” деген божомолдорго чекит койду. ИИМдин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү боюнча толук иликтөө жүргүзүлүп, бардык фактылар жана далилдер чогултулду. Тергөө иштери уланууда.

Орунбеков белгилегендей, азыркы техникалык мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде “Коопсуз шаар” системасы жана камералардын жардамы менен кылмышкерлерди аныктоо жана далилдөө оңой болуп, шектүүнүн жүргөн жолдору, видеоматериалдары жана башка далилдер ИИМде толук сакталган.

Мындан тышкары, кылмышка шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков мурда эки жолу соттолгон жана уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганы маалым болду.

ИИМ коомчулукту расмий фактыларга таянып, божомолдорго алдырбоого чакырып, тергөө аяктагандан кийин гана бардык жагдайлар жарыяланарын эскертти.

Scroll to Top