Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Ак-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирди
19.03.2026 | 17:08

Ак-Суу районунда машина-трактордук станция (МТС) ишке кирди. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, президенттин фондунан 108 млн сом бөлүнгөн. МТС үчүн Ак-Суу айылындагы мурунку «Сельэнерго» ишканасынын базасы пайдаланууга берилген.
Станциянын карамагына 60тан ашык айыл чарба техникасы жеткирилген. Аталган техникалар Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун дыйкандарына кызмат көрсөтөт.
Программанын алкагында картошка өстүрүү багытына басым жасалып, 10 даана картошка казуучу комбайн сатылып алынган. Учурда станция жазгы талаа иштерин жүргүзүп, дыйкандарга кызмат көрсөтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом