Ак-Сууда өспүрүм кызынын кош бойлуу экенин билген апа өзүн өзү өрттөп, каза болду

26.02.2026 | 10:42

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 41 жаштагы аял өспүрүм кызы кош бойлуу экенин билгенден кийин өзүн өзү өрттөп, каза болду. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.

Окуя кечээ, 25-февралда, болгон. Ак-Суу райондук милициясына 17 жаштагы өспүрүм кыздын 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.

Тергөө кызматы тарабынан өспүрүм кызды суракка алуу учурунда анын апасы мыйзамдуу өкүл катары катышуудан баш тарткан. Милициянын маалыматында, аял “кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм” деп суракка катышкан эмес. Мындан улам сурак Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда өткөрүлгөн.

Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында өспүрүм кыздын апасы М.А. үйүнөн дүкөнгө барам деп чыгып кетип, денесине бензин куюп, өзүн өзү өрттөп жиберген. Ал облустук ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

Scroll to Top