Кыргызстан менен Гонконг туризм жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну көздөөдөЗеленскийсиз тынчтык жана Иранга өзөктүк сокку уруудан баш тартуу — Трамп дагы эмнелерди айттыПрезидент Кыргызстандын Кытайдагы элчисин алмаштырдыЧүй облусунда форель жана осетр балыктарын кайра иштетүүчү завод ачылдыМСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырдыСадыр Жапаров Ереванда COP17 саммитинин ачылышына катышты
Президент Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кылып дайындады
26.02.2026 | 11:03

Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
44 жаштагы Дамирбек Осмонов – тажрыйбалуу дарыгер жана кардиология тармагындагы белгилүү адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу кызматын аркалап келген.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов иштеп келди. Ал 24-февралда президенттин жарлыгы менен кызматтан алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат