Ак-Сууда өзүн-өзү өрттөгөн аялдын артында төрт бала калды. Акыйкатчы ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирди

Ак-Суу районунда өспүрүм кызынын кош бойлуу экенин билгенден кийин өзүн-өзү өрттөп каза болгон аялдын артында төрт баласы калды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирип, учурда балдар жана кош бойлуу өспүрүм таежесинин камкордугунда экенин маалымдады. Институттун кызматкерлери алардан кабар алышкан. Жакынкы убакта мамлекет расмий камкорчу маселесин чечет.
Институттун маалыматында, маркум аял 40 жашта болгон. Ал 16, 15, 14 жана 6 жаштагы төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан. Кош бойлуу өспүрүм – үйдүн улуусу, ал кесиптик лицейде окуп жаткан.
“Аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган. Апасы балдарына 2018-жылдан бери жөлөкпул алып келген. Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен өткөн жылы жалгыз бой энеге үй салынып берилген. Ошондой эле айыл өкмөтү да материалдык жардам көрсөтүп турган. Балдардын ата-энеси ажырашып кетип, аял 4 баланы жалгыз тарбиялап келген”,- деп маалымдады институт.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева оор кырдаалга кабылып калган 16 жаштагы кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.
Мындан тышкары аялдын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүүнү, калыс укуктук баа берүүгө, ошондой эле маркумдун артында калган төрт баласынын укуктарын коргоо, аларга социалдык көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Окуя 25-февралда болгон. Милициянын маалыматында, 17 жаштагы кыздын 16 жумалык боюнча бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Өспүрүм менен анын апасы милицияга суракка чакырылган. Апасы суракка катышуудан баш тартып, сыртка чыгып кеткен. Андан соң аял Ак-Суу райондук милициясынын унаа токтотуучу жайында өзүнө өзү өрт койгон. Ал алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.