Чүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталуудаОштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси реконструкцияланатOpenAI Sora долбоорунун жабылгандыгын жарыялады: видео жаратуучу нейрон тармагы ишин токтотот
Акчаны дааратканага ыргытып салган. Ошто 2 милиционер пара талап кылуу үчүн кармалды
26.11.2025 | 15:53
УКМКнын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте Ош облусундагы эки милиционерди кармашты.
Араван райондук ИИБнин уруксат берүү системасы боюнча инспектор, подполковник М.Ж.А. Ноокат райондук ИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, майор С.А.Ш. менен биргеликте аялдан 300 миң сом пара талап кылганы аныкталды. Бул акча тергөө алдындагы текшерүүнүн оң чечимин камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн талап кылынган.
Милиционерлер 22-ноябрда акча алуу учурунда кармалды — шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны дааратканага ыргытып салган. Эки кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

