АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүндө экономикалык катышуусун масштабдуу кеңейтүүнү пландаштырууда
Кошмо Штаттар аймакты тышкы экономикалык стратегиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири кылып, Борбордук Азияга карата мамилесин түп-тамырынан бери кайра карап чыгууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу 4-февралда өтүп жаткан B5+1 бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө АКШ президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Гор билдирди.
Дипломаттын айтымында, Ак үйдүн учурдагы администрациясы колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун жигердүү толтурууну пландаштырууда. Серхио Гор Вашингтон аймакка өтө узак убакыт бою тийиштүү көңүл бурбай келгенин моюнга алды, бирок президент Дональд Трамптын жетекчилиги астында кырдаал жакынкы үч жылда өзгөрүшү керек. Атайын өкүл белгилегендей, былтыр Ак үйдө C5+1 форматында өткөн, аймактын мааниси жогорку деңгээлде белгиленген өлкө лидерлеринин жолугушуусу бул процесске түрткү берди.
Форумга келген америкалык делегация ниеттердин олуттуулугунун далили болуп калды. Гор аны дүйнөнүн бул бөлүгүнө качандыр бир кезде келген эң салмактуу жана маанилүү бизнес-миссиялардын бири катары сыпаттады. АКШ өнөктөштөргө жөн гана инвестиция эмес, алдыңкы технологияларга жеткиликтүүлүктү да сунуштоого даяр, бул болсо узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка жол ачат.
Тараптар жаңы идеяларды иштеп чыгууга жана стратегиялык маанилүү тармактарда долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоону көздөөдө. Электрондук коммерцияны өнүктүрүү, жасалма интеллектти киргизүү, өтө маанилүү кен байлыктар чөйрөсү, ошондой эле айыл чарба жана транспорт артыкчылыктуу багыттар болуп калат. Атайын өкүл азыркы форум — бул иштин башталышы гана экенин баса белгилеп, аймактагы беш өлкөнүн тең лидерлери менен диалогду жигердүү өнүктүрүүгө жеке даярдыгын билдирди.