Япониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгыштыМинистрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталатБишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздү
Чукул кабар! Тоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар
04.02.2026 | 13:52

5-7-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
ӨКМнын маалыматында кар көчкү түшүүсү күтүлөт:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусунда.
Тоолуу тилкелерде кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эске салсак, 31-январда Кара-Кулжа районунун “Жүлгүр” жайлоосунда 37 жаштагы киши кар көчкүнүн астында калып, анын сөөгү 3-февралда табылды. Жаран жайлоого тааныштары менен мергенчиликке чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом