АКШ президенти өзөктүк куралды сыноону баштоо тапшырмасын бергенин билдирди

Дональд Трамп АКШнын Коргоо министрлигине өзөктүк куралды сыноо тапшырмасын бергенин билдирди. Бул тууралуу ад TruthSocial соцтармагындагы баракчасында жазды.
АКШ президентинин айтымында, кошмо штаттарда башка өлкөлөргө караган эң көп өзөктүк куралдар бар.
“Алардын абдан чоң кыйратуучу күчү бар болгондуктан, мен муну жасаганды жаман көрдүм, бирок менде тандоо калган жок. Орусия экинчи орунда турат (ред. өзөктүк курал боюнча), ал эми Кытай кыйла артта, бирок беш жылдын ичинде теңелет. Башка өлкөлөр өзөктүк курал боюнча сыноолорду жүргүзүп жаткандыктан, мен Коргоо министрлигине биздин өзөктүк куралдарды да ошол эле негизде сыноону баштоону тапшырдым. Бул процесс дароо башталат”,- деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, АКШ 1992-жылдан бери толук масштабдагы өзөктүк курал сыноолорун өткөргөн эмес. Вашингтон 1996-жылы Ядролук сыноолорду толук тыюу салуу боюнча келишимге кол койгон, бирок аны ратификациялаган эмес. Ошондон бери АКШ Невададагы полигондо жер астында жардыруусуз жүргүзүлүүчү субкритикалык өзөктүк сыноолорду жүргүзүп келет.