АКШ Тайванга 11 миллиард долларга курал-жарак жеткиретОрусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү алдыдагы дем алышта Майамиде өтөрү айтылуудаКыргызстан Орусиядан эмне сатып алат. Орус экспорт борборунун маалыматтарыБишкек занял 54-е место по уровню загрязнения воздухаСадыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого бардыОрусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууланды
АКШ Тайванга 11 миллиард долларга курал-жарак жеткирет
18.12.2025 | 21:00
Bloomberg маалымат агенттиги АКШнын администрациясы Тайванга жалпы баасы 11 миллиард долларга чейинки аскердик жардам пакетин бекиткенин билдирди. Анын алкагында Тайванга HIMARS реактивдүү залптык ок атуу системалары (баасы 4,05 млрд долларга чейин), ошондой эле өзү жүрүүчү гаубицалар (болжол менен 4 млрд долларга) жеткирилет.

Басылманын авторлорунун баамында, бул келишим АКШнын Тайвандын коргонуу потенциалын күчөтүү боюнча акыркы жылдардагы эң ири аракеттеринин бири. Муну менен эксперттер мындай кадам Вашингтон менен Бээжиндин ансыз да чыңалган мамилесинин мындан ары начарлашына алып келерин баса белгилешет.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар