Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБШК: Ош, Манас шаарларында жана Өзгөн районунда айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдү
Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү алдыдагы дем алышта Майамиде өтөрү айтылууда
18.12.2025 | 20:00
Politico басылмасы анонимдүү булактарга таянып, жакынкы дем алыш күндөрү Орусия жана АКШ делегациялары Майами шаарында сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди. Бул жолугушуу эки тараптуу маселелерди расмий эмес деңгээлде талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болушу мүмкүн.

Маалыматка караганда, орус тараптан Орусиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев өкүл болушу ыктымал. АКШ делегациясын болсо, болжолдуу түрдө, Дональд Трамп администрациясынын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана АКШнын учурдагы президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер жетектеши мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат