АКШнын Калифорния штатындагы «Grand Princess» круиздик лайнериндеги эс алуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени 5-мартта аныкталган. Буга карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы, Канададагы элчиликтери кошмо штаттардагы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана «Princess Cruises» компаниясына кайрылган.
Тышкы иштер министри тараткан маалыматта, 6-мартта аталган бортто Кыргызстандын 2 жараны бар экени аныкталды.
«Элчилик кемедеги Кыргызстандын эки жараны менен түз байланышты. Алар өздөрүн жакшы сезип жатканын жана экипаждын мүчөлөрү 3 маалдан тамак берип, бардык жүргүнчүлөрдү каюталарда кармап жатканын айтышты», — деп жазылат маалыматта.
ТИМ «Grand Princess» кемесиндеги Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта болуп, көзөмөлгө алышууда.
Бүгүн, 9-мартта «Grand Princess» круиздик кемеси медициналык жардамга муктаж болгон жүргүнчүлөрдү лайнерден түшүрүү үчүн Калифорниянын Окленд портуна барат.