АКШда митингдер уланууда. ТИМ ал жактагы кыргызстандыктарга коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бир катар шаарларында өтүп жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу аталган өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын сактоону эскертти.
Министрлик жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышуудан баш тартуу;
- Өздүгүн тастыктоочу документтерди дайыма жанында алып жүрүү;
- Иммиграциялык статустун учурдагы абалын жана уруксат берүүчү документтердин колдонуу мөөнөтүн текшерип туруу.
Учурда бир катар америкалык шаарда АКШнын Иммиграциялык кызматынын (ICE) мигранттарга карата жасаган операцияларына каршы нааразычылыктар өтүп жатат. Бул толкундоолор операция учурунда эки америкалык жаран өлтүрүлгөндөн кийин башталган.
Январь айынын башында Миннеаполис шаарынын тургуну Рене Николь Гуд ICE кызматкери тарабынан ок жеп каза болгон. Андан кийин шаар тургундары менен федералдык агенттердин тирешүүсүнө кийлигишкен Алекс Претти өлтүрүлгөн. Анын өлүмү Миннесотада кайрадан нааразылык акцияларын козгоп, Нью-Йорк сыяктуу ири шаарларда да демонстрациялар башталды. Алар Дональд Трамптын администрациясынын миграциялык саясатына каршы болууда.