АКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес

26.02.2026 | 12:08

Америка Кошмо Штаттарына F же M категориясындагы визалар менен бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кепилдик күрөө бизнес же туристтик (B1/B2) визасына документ тапшырган талапкерлерден гана талап кылынат. Башка категориядагы визалар үчүн мындай төлөм каралган эмес.

Эске салсак, буга чейин АКШ иммиграциялык эмес виза алууну каалган чет өлкөлүтөргө, анын ичинде кыргызстандыктарга жаңы талап киргизген. Ага ылайык, 2026‑жылдын 21‑январынан тартып Кыргызстандын жарандары В-1 (иш сапарлары) жана В-2 (туризм) категорияларындагы АКШнын Иммиграциялык эмес визаларына арыз бергенде 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөөгө милдеттүү болот.

Scroll to Top