АКШдагы президенттик шайлоодо Трамп алдыда келе жатат

АКШдагы президенттик шайлоодо Трамп алдыда келе жатат

Учурдагы АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу тарапкерлерине кайрылып, шайлоодо жеңип чыкканын айтты.

Добуштар санала элек жети штаттын алтоосундагы президенттик жарышта Дональд Трамп алдыда келе жатат.

Fox News добуш берүүнүн жыйынтыктарынын онлайн картасын сунуштайт. Анда Трамп Висконсинде (51,1%), Мичиганда (53,3%), Пенсильванияда (55,8%), Түндүк Каролинада (50,1%), Джорджияда (50,5%) жана Аляскада (61,4%) алдыда баратат.

Талапкерлердин бири Жо Байден шайлоочулардын 50,2% колдоосун алып, Невада штатында лидерлигин улантууда.

Эгерде Трамп жогоруда айтылган штаттарда лидерлигин сактап калса, анда алардын шайлоочулары ага жалпы 80 добуш алып, ошону менен Американын учурдагы лидери президенттик жарышта жеңишке жетиши мүмкүн.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп, республикачылар Дональд Трамп менен демократ Жо Байден өлкөдөгү эң жогорку кызматка талапкерлигин көрсөтүштү. Учурда АКШдагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, добуштар саналып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>