АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор «B5+1» бизнес-форумуна катышууга Бишкекке келет

03.02.2026 | 15:56

АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Серджио Гор Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Анын айтымында, Серджио Гор Кыргызстанда 3-6-февраль күндөрү болот. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушуу өткөрөт.

Ошондой эле Серджио Гор 4-5-февралда Бишкек шаарында өтө турган «B5+1» экинчи бизнес-форумуна катышат. Форум “Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү” темасына арналат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын бизнес өкүлдөрү катышкан форум айыл чарба, банк жана финансы иштери, минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм тармактарындагы кызматташууну чыңдоого багытталат.

Scroll to Top