Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгы: Бишкекте «B5+1» бизнес форуму өтөт
03.02.2026 | 09:36
4-5-февраль күндөрү Бишкек шаарында «B5+1» экинчи бизнес форуму өткөрүлөт. Министрлер кабинети билдиргендей, форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес өкүлдөрү менен өкмөттөрүнүн ортосундагы диалогду камсыз кылуучу аянтча болуп саналат.
Иш-чаранын максаты — аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана мамлекеттик менен жеке сектордун ортосундагы байланышты өнүктүрүү.
Форумдун приоритеттүү багыттары:
- айыл чарба;
- банк жана финансы иштери;
- минералдык ресурстар;
- электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар;
- транспорт жана логистика;
- туризм.
«B5+1» платформасы — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШны бириктирген “С5+1” дипломатиялык платформасынын бизнес багыты. Биринчи форум 2024-жылдын 14-15-мартында Алматы шаарында өтүп, ага он өлкөдөн 250дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышкан.