АКШнын кредиттик рейтинги төмөндөгөндөн кийин инвесторлор капиталдарын өлкөдөн чыгарып кетүүдө

АКШнын кредиттик рейтинги төмөндөгөндөн кийин инвесторлор  капиталдарын өлкөдөн чыгарып кетүүдө

АКШнын кредиттик рейтингинин төмөндөшү жана мамлекеттик карыздын өсүшүнө байланыштуу кооптонуулардан улам инвесторлор америкалык активдерди массалык түрдө демпинг кылып жатышат. Бул тууралуу NYT басылмасы жазып чыкты.

Анда айтылгандай, 30 жылдык казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү 5%га жетип, доллар алсырап баратат, бул АКШ экономикасына ишеним кризисинен кабар берет.

Дүйшөмбүдө каржы рынокторун туруксуздуктун толкуну каптап– инвесторлор америкалык акцияларды, облигацияларды жана долларды массалык түрдө демпингдик кыла башташты.

Бул коркунучтуу тенденция дүйнөдөгү эң ири экономиканын келечегине карата пессимизмдин күчөп баратканынан кабар берет. Анын бирден-бир себеби Трамптын 2017-жылдагы салык жеңилдиктерин туруктуу кыла турган жана мамлекеттик карызды триллиондогон долларга көбөйтө турган мыйзам долбоору болду.

Өкүлдөр палатасынын комитети бул чараны жекшемби күнү кечинде жактырган, бирок бул Конгрессте кызуу талкууну жаратат деп күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Америка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>