Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
АКШнын миграциялык борборлорунда кармалгандардын саны рекорддук деңгээлге жетти
25.08.2025 | 15:06

АКШдагы миграциялык борборлордо кармалгандардын саны Дональд Трамп президенттикке келгенден кийин кескин көбөйүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу америкалык Axios маалымат порталы билдирди.
АКШ өкмөтүнүн акыркы маалыматтарына ылайык, азыркы тапта миграциялык борборлордо расмий түрдө 60 миң адам кармалып турат. Бул акыркы 5 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Жо Байден президенттик кызматын тапшырарда кармалгандардын саны болжол менен 39 миң болгон.
Белгилей кетсек, жогорудагы статистикага аскер базаларында жана ICEтин убактылуу кармоочу жайларында камалган мигранттар киргизилген эмес, бул кармалгандардын чыныгы саны дээрлик 50%га көп болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар